8-сентябрь журналисттердин эл аралык шериктештик күнү

Журналисттердин эл аралык шериктештик күнү 1958 -жылы, дүйнөдөгү эң байыркы жана эң ири эл аралык журналисттик ассоциациясы эл аралык журналисттер уюмунун (ЭЖУ) IV Конгрессинин чечими менен негизделген.

Бул эл аралык күндүн датасы жөн жерден тандалган эмес. Дал ушул күнү, 1943 -жылы Берлинде фашисттер чехословакиялык журналист, адабият жана театр сынчысы, публицист, Чехословакиянын Коммунисттик партиясынын активисти Юлий Фучикти, 1942 -жылы апрелде гестапо тарабынан камакка алынган. Фашисттик зынданда деле Юлий кесибин таштаган эмес жана 1950 -жылы эл аралык “Тынчтык” сыйлыгына татыктуу болгон. Ал, “Мойнуна илинген репортаж” (Czech Reportáž psaná na oprátce) китебин жазууга жетишкен.

Адаттагыдай, журналисттердин тилектештик күнүндө дүйнөнүн бардык жеринде жолугушуулар жана конференциялар өткөрүлүп, ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн журналисттери катышат. Бул кесиптик конгресстерде төртүнчү бийликтин өкүлдөрү журналисттик тажрыйбалары менен бөлүшүп, эң татыктуусун өздөрүнүн арасында белгилешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.