Токмокто 8-класстын окуучусу жанын кыйды

Токмок шаарында 8-класстын окуучусу Эльвира Азамат кызы бүтө элек көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан өзүн таштап каза болду. Бул тууралуу маалымат булактарына Эльвиранын атасы Азамат Иманалиев билдирип, кызынын өз жанын кыюусуна эмне себеп болгону  табышмак дейт. Учурда маркумдун өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза жүрүүдө.  

– Апасы экөөбүз Орусияда иштечүбүз. Кызым буга чейин Орусияга да барып окуп келген. Ал жактын системасына көнө албай кайра келе берген эле. Бул кыз бардык нерсени ичине сактап, урушпасын деп жашыра берчү. Акыркы жолу апасы менен сүйлөшкөндө “Апа менин тагдырым эмне болот, качан үйлүү-жайлуу болобуз, качан ирденебиз” дептир. Апасы “тагдырың түгөнүп жатабы, баары жакшы болот. Жайында барабыз” деген экен.

Азамат Иманалиевдин айтымында, маркум Элвира жаңы мектепке которулуп окуп жатканына үч ай болгон. Кайра мурда окуган мектебине которулууну ойлонуп жатканын айткан. Таенесинин колунда чоңойгон кыз ага ыраазы экенин айтып, кат жазган. Туугандары Элвиранын Одноклассники социалдык тармагындагы топко мүчө болгондон кийин депрессияга түшкөнүн айтышууда.

Окуя 28-ноябрда болуп, алган жараатынан улам Токмок шаардык ооруканада каза болгон. Экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча, анын боору менен өпкөсү жарылып кеткен. Маңзат колдонгон-колдонбогону боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы азырынча чыга элек. Элвира Азамат кызы кулаган имарттан буга чейин төрт окуучу каза болгону айтылууда. Учурда тургандар ал имаратты жабууну жергиликтүү бийликтен талап кылышууда.

Чүй милициясы маалымат такталып жатканын билдирди. (КЕ)

Булак: Азаттык

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген