8-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 8-июнда Кыргызстандын кээ бир аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Аймактарда абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +13, күндүз +27 градус. Күндүз жаан-чачын болбойт.
  • Чүй аймагында түнкүсүн +11, күндүз +27 градус жылуу болушу күтүлөт.
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +13, күндүз +32 градуска чейин ысыйт.
  • Нарын аймагында түнкүсүн +7, күндүз +23 градус.
  • Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +8, күндүз +23 градус.
  • Талас облусунда түнкүсүн +10, күндүз +27 градус жылуу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.