750 сомдук спектакль. Самара Каримова PR-жүрүш максатына жеткенин айтты

Ырчы, актриса Самара Каримова башкы ролдо ойногон “Илегилек” спектаклинин баасы тууралуу талкууларга чекит коюла элек. Соцтармактагы сын-пикирлерден кийин Ош шаарындагы афишаларда спеактаклдин “750 сом” деп нарк көрсөтүлгөн жерине “750-200 сом” деген жазууларды чапташты. Буга чейин комментарий бербей жаткан Самара Каримова болсо  спетаклге коюлган кымбат баа – “атайын PR-жүрүш болгонун жана мындай жарнама максатына жеткенин” “Ынтымактын” түз эфиринде билдирди.

15-16-17-февралда Ош улуттук драма театрында Султан Раевдин “Илегилек” спектакли коюлат. Башкы ролдо – ырчы Самара Каримова. Спектаклдин билет баасы 750 сом деп белгиленгени афишалар илинери менен соцтармакта талкууга жем таштады.

Алардын бири – Фейсбуктун активдүү кодонуучусу, акын-жазуучу Зинакан Пасаңова спектаклдин баасы искусстводон  түшүнүгү бар адамдардын баарын нааразы кыларын жазды.

“Улуу талант Шекспирдин “Ромео жана Жульеттасы” сыяктуу өлбөс-өчпөс шедевр чыгарма искусствонун ак сарайы болгон Улуттук опера жана балет театрында 200 сомго коюлуп жатканда Самара Каримова ойногон үчүн эле бул спектаклге кирүу акысы 750 сомго көтөрүлгөнүнө искусстводон түшүнүгү барлар нааразы болбой койбойт.  Эгерде бул спектаклди ошондой баага Асан (Асан Мансуров – Самара Каримованын жолдошу, Маданият министрлигинин Туштүк маданият борборунун башчысы, – ред.) менен Самара өзүнүн жеке менчик театрында койсо биздин ишибиз да болмок эмес. Бирок, асмандагы баа менен мамлекеттик, болгондо да улуттук театрда коюлуп жатпайбы! Бул экөөнүң акча чогултмай тою беле? Ош улуттук театры мамлекет тарабынан каржыланып, андан Самара өзү да айлык алып жейт. Ошондуктан, бул мамлекеттик театрдагы ар бир спектакль калың элге жеткиликтүү болушу керек”, – деп жазды Зинакан Пасаңова.

“Ынтымак” билет баасы боюнча афишада көрсөтүлгөн номурларга өткөн аптада байланышып көрдү. Номурлардын бири Самара Каримованыкы болсо, экинчиси Асан Мансуровдун номери болуп чыкты. Ырчы кыз “конокто жүрүп”, биздин суроолорго жооп бере алган жок. Жолдошу болсо интернетте жана көчөлөрдө илинген афишаларды алгач жакшылап карап чыгуубуз керектигин айтып,  билет баасы 250-750 сом деп көрсөтүлгөнүн билдирди.

Биз Асан Мансуров айткандай афишаларды “жакшылап” карап чыктык. Мурда 750 сом деп нарк көрсөтүлгөн жердин үстүнө 750-200 сом деген жаңы баа чапталганына күбө болдук.

 

Асан Мансуровдун айтымында, спектаклдин чыгашасы көп. Режиссер менен Самара Каримова жеке келишим түзгөн. Жарык сыяктуу техникалык жабдууларга да бир топ акча кетти. Ал билет 750 сомдон сатылган күндө да чыгарманы коюуга кеткен чыгашаны жаппай турганын кошумчалады.

Ош улуттук драм театрынын директору Шералы Бекташов  “Илегилек” бюджеттик акчага эмес, жеке каржыга коюлуп жатканын, демек, баа саясатына кийлгише албай турганын билдирди.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы болсо спектаклдин билет баасы 200 сомдон экенин, алдыңкы үч катардагы орундуктар гана 750 сомдон сатылып жатканын айтты.

Самара Каримова өткөн ишемби күнү “Ынтымак” телеканалында түз эфирде болду. Ырчы билет баасы атайылап жогору коюлганын, ошонун эсебинде спектакль жарнамаланып, талкууга алынганын билдирди. Ушундай жол менен PR-жүрүш максатына жеткенин белгиледи ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген