750 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөдө эмгек миграциясында

750 миңден ашуун кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрүшөт. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин директору Таштанбек Каймазаров бүгүн, 29 -сентябрда “Эмгек мигранттарынын потенциалын Кыргызстандагы өнүгүү процесстерине тартуу” тегерек столунда билдирди.

Анын айтымында, эмгек мигранттарынын бара турган жери биринчи кезекте Орусия, Казакстан жана Түркия.

Кыргыз Республикасындагы учурдагы миграциялык абал көбүнчө экономикалык, демографиялык, саясий процесстер, ошондой эле COVID-19 менен аныкталат.

Чектелген ресурстар шартында, айрыкча айыл жергесинде, миграция жумушка орношуу жана социалдык статусун көтөрүү үчүн бирден -бир мүмкүнчүлүк болуп саналат. Мындан тышкары, эмгек мигранттары бар үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугу көбүнчө жогору, дейт Каймазаров.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.