Ар дайым стрессте жүрсөңүз, рационуңузга анар кошуңуз

Күз – анардын мезгили. Пайдалуу жана дамдуу бул жемишти дарыгерлер баарына сунушташат. Себеби анар витаминдерге жана органикалык кислоталарга абдан бай. Учурда анарды бардык жер-жемиш саткан дүкөндөрдөн жана жергиликтүү базардан табууга болот.

Анарды жеш гана бираз кыйынчылык жаратпаса, ден соолукка пайдалуу өтө көп минералдарды камтыйт. Ашказанга, бөйрөккө пайда жана кандагы гемоглабиндин санын көбөйтөт, жүрөктүн иштешин жакшыртат. Анар зыян келтирбеши мүмкүн, бирок ширесин ашказан жарасы, гастрит ооруларында ичүүгө болбойт. Ошондой эле анардын кабыктарын дары-дармекке колдонушат.

Анардын пайдасы

Иммунитетти көтөрөт

Анардын курамында 15 аминокислота К, И9 жана В6 витаминдери, ошондой эле организмге өтө пайдалуу болгон жез, калий, фосфор бар. Ошол себептүү иммундук системаны активдештирип, вирустардан коргойт. Ошондой эле С витамининин күнүмдүк норманын жарымын камтып, организмдеги вирустук оорулар менен натыйжалуу күрөшүүгө жардам берет. Иммунитеттиңизди көтөрүү үчүн күнүнө анардын төрттөн бирин жеп туруу сунушталат.

Канды көбөйтөт

Анардын курамындагы фолий кислотасы канды жаратуу процессине катышат. Ошондой эле анар кандагы гемоглабинди көбөйтөт.

Жүрөктүн иштешин жакшыртат

Анардын курамында пуникалагин деген зат бар, ал эркин радикалдарды нейтралдаштырат жана антиоксидантты жогорулатат. Бул жүрөк үчүн өтө маанилүү. Эгерде сиз жүрөк оорусунан жапа чегип же болбосо, ар дайым стрессте жүргөн болсоңуз анда рационуңузга анар кошуңуз.

Терини агартат

Анарда “аялдар витамини” аталган Е витамини өтө көп. Бул витамин тери клеткаларыны эрте картайуусун алдын алат. Ошондой эле, анар күчтүү агартуучу касиетке ээ жана аны сепкил жана карылык тактарга каршы колдонууга болот.

Арыктоо үчүн

 

Анардагы була тамак синирүүдөгү күчтүү “кыймылдаткыч” болуп саналат. Анын жардамы менен ашказан тамакты тез сиңирип, арыктоого жардам берет. Анардын калориялуулугу 100 граммда 72 ккалды түзөт.

Анар ашканада

Заманбап ашканада анар көбүнчө салаттарды өзгөчө коздоо үчүн колдонулат. Негизинен анар Азербайжан, Индия, Грузин ашканаларында кеңири колдонулат. Кыямдар жасалат, шире алынат, шарап жасалат. Цитрустар кошулган смузилер жасалат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген