70 жаштагы Мамыт Таштанов Өзбекстанды велосипед менен кыдырганы жөнөп кетти

Мамыт Таштанов Өзбекстанга болгон буюм-тайымдары менен жолго чыкты. Баштыктарында кийим-кечек анан азык-түлүктөрү бар. Ал эми велосипедди мындан 7 ай мурун атайын узак жол жүрүү үчүн  сатып алып, 70миң сомдук атайын керектүү жабдуулар менен толуктап чыккан.

Мамыт Таштанов  70 жашты таяп калган. Ошентсе да спорт менен машыкканы үчүн тетик. Анан да велосипед менен узак жол жүрүү ден-соолукту бекемдейт дейт. Өзбекстанга болсо буга чейин бара элек болчу. Ошондуктан биротоло велосипеди менен өз алдынча айланып келүүнү чечкен.

Сапарынын алкагында Андижан, Бухоро, Самарканд сыяктуу 7 шаарды айланып чыгат. Ошондо жолдун  жалпы узундугу 3 жарым  миң чакырымды түзүүдө. Мамыт Таштанов бул аралыкты 60 күндүн ичинде басып өтүүнү пландаган. Ал эми туристтик компаниялар коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Өзбекстандагы  Кыргызстандын элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Текст: Нуржамал Баргыбаева

Видео: Арген Калыбек уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген