Борбор азиялык эмгек мигранттары: жүрөк үшүн алган жети жол кырсыгы

18-январда Казакстандын Актөбе облусунда Өзбекстандын 52 жараны жол кырсыгында каза болду. Адамдар Чымкенттен Самарага бара жаткан автобуста тирүүлөй күйүп кетишти; беш жүргүнчү жанын сактаганга үлгүрдү.

Мекенине кайтып же иш издеп чет жакка бара жаткан эмгек мигранттары кабылган жол кырсыктары тынбай катталып турат. Алардын көбү мигранттар аралап өткөн Казакстан же Орусиянын аймагында жүз берет. “Ынтымактын” өнөктөшү –  “Мейкин Азия онлайн” 2017-жылдагы  курмандыктары көп каргашалуу жол кырсыктарын эстеди.

Тажикстан, Өзбекстан же Кыргызстандын жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыктары Орусия же Казакстанда тынбай эле катталат. Мисалы, өткөн жылы андай окуялар ай сайын жүз берип жатты, бирөөсүндө 17 адам мерт кетти. Бул жөнүндө “Новая газета” басылмасы “Өлүмгө карай бара жаткан автобус” деген материал жарыялады. Макалада авторлор мигранттардын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алууга эмне үчүн болбостугун, окуянын себептерин түшүндүрүүгө аракет кылышкан.

Биринчиден, эмгек мигранттарын Орусияга ташыган автобустардын көбүнүн зарыл документтери – камсыздандыруу келишимдери да жок. Мындан улам алар МАИ постторун айланып өтүшөт, көбүнчө түнкүсүн. Бул жол кырсыктарын шарттаган факторлордун бири.

Экинчиден, МАИ постторун айлып өткөндө жол узарат, бир нече  күндүк жолго апта кетиши мүмкүн, а бул жагдай айдоочулардын абалына таасир этет.

Үчүнчүдөн, автобустардын эскилиги жеткен, бирок унаанын абалын эч ким көзөмөлдөбөйт.

Ушул жана башка себептер Казакстан же Орусиянын трассаларында адам өмүрүн алган жол кырсыктарына алып келет.

ЯНВАРЬ, 2017-ЖЫЛ

Нижний Новгород-Саратов трассасында чоң кырсык катталды, жүк ташуучу унаа менен минивен кагышты. Окуянын күнөөкөрү – жүк ташуучу унаанын айдоочусу, ал рулда бара жатып уктап калган. Кырсык кесепетинде жети адам каза болду, минивендин ичинде мекенине кайтып келе жаткан Кыргызстандын төрт жараны бар эле.

ФЕВРАЛЬ, 2017-ЖЫЛ

Саратов облусундагы жол кырсыгында Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандары каза болду. Алар Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузбаш үчүн Казакстанга чыгып кайра келгени жаткан мигранттар эле. Окуя таңкы саат бештерде Саратов облусунун Тарумовка районунда жүз берди, Kia Rio үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, Nissan Almera менен кагылышкан. Эки айдоочу тең мерт кетти. Kia Rio`догу Өзбекстандын эки, Тажикстандын эки жараны  каза болду. Анын ичинде экөөсү аялдар эле.

АПРЕЛЬ, 2017-ЖЫЛ

Ленинград облусундагы авариядан 15 адам жабыркады. Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Украинанын жарандары отурган микроавтобус “КамАЗды” сүзүп алган. Жабыркагандардын көбүнүн дене мүчөсү сынган.

ИЮНЬ 2017-ЖЫЛ

Жарым жыл мурун, 2017-жылдын жайында Актөбе облусунда кечээгидей жол кырсыгы жүз берген. Волгограддан Чымкентке бара жаткан эки кабаттуу Mercedes оодарылып кетти. Окуя Самара-Чымкент трассасынын 946- чакырымында, Карабутак конушунан 20 чакырым аралыкта жүз берди. Автобуста 52 адам болгон, анын элүүсү Өзбекстандын, калган экөө Казакстандын жарандары эле. Тогуз өзбекстандык каза болду, дагы 18 адам ар кандай деңгээлде жараат алышкан.

ИЮЛЬ, 2017-ЖЫЛ

Тольяттиден Сызранга бара жаткан жолдо Тажикстандын төрт жаранынын өмүрүн алган жол кырсыгы жүз берди. Эмгек мигранттарын салган Hyundai Solaris Тольяттиден Сызранга бет алган эле. Аныкталбаган себептерден улам унаа каршы тилкеге чыгып, Renault Magnum жүк унаасы менен кагышкан. Каза болгондорун баары жана жараат алган эркек киши Тажикстандын жарандары болгон.

ОКТЯБРЬ, 2017-ЖЫЛ

Беш адам мерт кетип, алты адам реанимацияга түштү – 2017-жылдын 30-октярында Нижний Новгород-Саратов трассасында жүз берген унаа кырсыгынын кесепети ушундай. Түнкү саат ондордо Саратов облусунун Петров районунда «Фольксваген Каравелла» «КамАЗ» менен кагышкан.

Сокку микроавтобустун маңдайкы айнегине тийген. Эки адам окуя болгон жерде жан берсе, дагы экөө ооруканага жетпей, үчүнчүсү медиктердин колунда узап кетти. Алардын баары тажикстандык эмгек мигранттары эле.

Микравтобуста  бара жаткандардан алтоо аман калды, бирок баарынын абалы оор болчу.

ОКТЯБРЬ, 2017-ЖЫЛ

Өткөн жылдын октябрында Владимир облусунда эмгек мигранттары бара жаткан унаа Понкров шаарындагы темир жол өтмөгүндө тыгылып калды. Салондо 57 киши: эки айдоочу жана 55 жүргүнчү болгон (баары Өзбекстандын жарандары). Жүргүнчүлөр автобусту темир жолдон түрткөнгө аракет кылышкан, бирок үлгүрүшкөн эмес. Унаага локомотив урунду. Автобуста 17 адам, анын ичинде 2 бала бар эле. Баары каза болду.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar