7-сентябрь – таза абанын эл аралык күнү. Дүйнөдөгү бүгүнкү майрамдар

7-сентябрь-эл аралык статустагы бир топ майрамга бай күн. Дүйнө өлкөлөрү кайсы майрамды белгилеп жатышкандыгын төмөнкү макаладан окусаңыз болот.

7-сентябрь – Бирикккен Улуттар Уюму белгилеген эң маанилүү күндөрдүн бири. 2019-жылдын 19-декабрында белгиленген бул майрам эл аралык көк асман үчүн таза аба күнү. Быйыл биринчи жолу майрамдалат. Жылына инсульт, өпкө рагы, хроникалык респиратордук оорулар, керек болсо жүрөк-кан тамыр оорусунан каза болгон адамдардын дартынын үчтөн бирине чейин булганган аба себеп. Көрүнбөгөн бул киши өлтүргүчтүн айынан жылына 7 миллион киши каза табат. Ошондуктан, БУУ өлкөлөрдү бул маселеге көңүл буруусу үчүн киргизген.

Аскерий оюнчуктардан баш тартуу күнү. Бул күн 1988–жылдан бери бүткүл дүйнөлүк жетимдерге жана ата-энелик укугунан ажыраган ата–энелердин балдарына жардам берүүчү ассосация тарабынан негизделген. Бул күнү балдарды согуш оюнчуктарынан, ок атуучу куралдар, тапанча сыяктуу оюнчуктардан баш тартып, жумшак же конструткор сыяктуу оюнчуктарга алмаштыруусун сунушташат. Эл аралык бул майрам жыл сайын ар кандай акция менен коштолот. Психологдор баланын психикасына терс таасир берип, агрессияны жаратат дешсе, психологдордун дагы бир бөлүгү тескерисинче эр жүрөк, тайманбас болууга тарбиялайт деп эсептешет. Бул дүйнө элинин психологдору бүгүнкү күнгө чейин талкуулап келген талаштуу маселе.

Флоренцияда бүгүн эң байыркы майрамдардын бири болгон кол чырак майрамын белгилешүүдө. XVII кылымдан бери флорент аянтында Мария бийкечтин туулган күнүнө карата өтчү майрамга жакынкы шаарлардан келишчү. Карапайым дыйкандар куру кол келбестен, сатуу үчүн товарын ала келген. Бара-бара жарманкеге айланып, учурда 7-8-сентябрда жарманке өтүп, кечинде көптөгөн адамдардын катышуусунда 6 бурчтуу түстүү кагаздан жасалган ичинде шам күйүп турган жарык чачкычтар менен процесс өтөт. Бул жараянды көрүү үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген туристтер келет. Жергиликтүү калк ушул күнү шаар өзгөчө жанданып, чыныгы жүзүн көрсөтөт деп эсептешет.

Баарына белгилүү болгондой Неапаль Италиянын музыкалык борбору. Пьедигротта – Неапалдагы эң эски майрам жана эң жакшы лирикалык ырга арналган жарыш. Неапалдан алыс эмес жерде Пьедигротта үңкүрүндө диндик ишенимдерин бийлеп аткарган шаман болгон. Кийинчерээк болсо, христиандык мүнөздө Мадоннанын урматына белгиленип баштаган. Ошондон кийин үңкүрдө Санта мария ди Пьедигротта чиркөөсү курулуп, элдик ырларды ырдоо менен майрамдашкан.

Ал эми Америкада жыл сайын сентябрь айынын биринчи дүйшөмбүсүндө белгиленген эмгек майрамы бул жылы 7-сентябрга туш келди. Бул күнү америкалыктар өлкө боюнча ачык асман алдында сүйүктүү барбекюсу менен кемпингдерди уюштуруу менен майрамдашат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.