7 миңге жакын мөңгү коргоого муктаж

Учурда мөңгү мыйзамы боюнча сын пикирлер көбөйүп,  түшүнбөстүктөр жаралууда. Ал эми вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев долбоорго каршы чыгып жаткан активисттердин айрымдары  мөңгүлөрдү көрүп чыккандан кийин пикирлери өзгөрүлгөндүгүн айтып, “Суу кодекси” боюнча мыйзам зарыл экенин атты.

Бирок  кырдаалды жеринен көргөн активисттер өкмөттүн бул кадамын чыккынчылык катары баалашууда. Анткени Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү талкаланган. Андыктан өлкө байлыгын талап-тоноого жол берген ошол кездеги өкмөт башчылар Николай Танаев жана  Игорь Чудинов сыяктуу бир топ чиновниктерди жоопко тартып, азыркы жетекчилерге үлгү кылыш керек деп эсептейт жарандык активист Мавлян Аскарбеков.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.