7-май: Оренбургдан 541 кыргызстандык мекенге кайтып келди

2020-жылдын 7-майында 541 кыргызстандык Орусиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Эпидемиологиялык абалдын жана Казакстандын бийлиги кабыл алган катаал чектөөчү чаралардын кесепетинен, кыргыз жарандардын Казакстандын аймагында жеке унаасы менен транзиттик түрдө өтүп кетүү мүмкүн болбой келген.

Мындай учурда жол полициясынын коштоосунда бир колонна менен жүргөн атайын жүргүнчүлүк унаа үчүн транзиттик коридор көрсөтүлдү. Бул ден-соолук үчүн коопсуз шарттарда башында айтылган жарандардын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде аялдар жана балдарды Кыргызстанга алып чыгып кетүүгө өбөлгө түздү.

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүүгө обсервацияга жайгаштылырат.

“Чет өлкөлөрдө калган кыргызстандыктарды өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен мекенине кайтаруу жолдорун издөө боюнча КР Президенти тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруу иши улантылып жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Казакстандын аймагында дагы эле өзгөчө абал режими күчүндө жана чет элдик жарандардын кирүүсү чектелгенинКР ТИМи эске салат. Буга байланыштуу Соль-Илецк шаарынын КР жарандарын мекенине кайтаруу Россиядагы биздин мекендештерибизге россия-казакстан чек арасы көздөй жүрүүгө түрткөн импульс болуп калбашы керек.

“Андыктан провокацияга алдырбоого, сабырдуу болуп, мындай чаралар убактылуу гана мүнөзгө ээ экенин жана биздин жарандарыбыздын ден соолугун, өмүрүн сактоого, улуттук коопсуздукту коргоого багытталганын чыдамдуулук жана түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз”,-деп белгиледи республикалык штаб.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.