7-май эл аралык радио күнү

1895-жылы 7-майда орус физиги Александр Попов  биринчи радиоприемникти дүйнө коомчулугуна тартуулайт.  Ошол күндөн баштап жыл сайын 7-май –радио күнү катары белгиленип келет.

Өткөн кылымдын 20-жылдарынан тарта радио дүйнөлүк байланыш кызматында эң негизги маалымат булагы болуп эсептелген. Алгач радиостанциялар маалымат каражаты катары колдонулган.

1945- жылы 7-майда СССР радио күнүнүн 50 жылдыгына карата чоң иш-чара өткөргөн.

Ал эми Кыргызстанда эң биринчи радио берүү 1931-жылы обого чыккан. Учурда өлкөдө 50гө жакын радио иш алып барат. 7-май-Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин адистик күнү катары белгиленүүдө.

Ынтымак КРТРКсынын радиосу дагы түштүк региондорунда Ош, Жалал-Абад, Баткендин айрым аймактарында 7 жылдан бери уктурулуп келет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген