7-февралдан автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу башталат. Видео

7-февралдан тарта “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам күчүнө кирет. Кыргызсатндын автоунаа ээлери милдеттүү түрдө унаасын камсыздандыруусу керек. Бул туурасында КРнын Юстиция министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Хамид Шералиев билдирди.

Мыйзамга баш ийбегендерге 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынуусу мумкун.

Камсыздандыруунун  төлөмү автоунаанын түрүнө, көлөмүнө жараша 1680 сомдон 13 миң сомго чейин болоору айтылууда.

Эске салсак, Ош шаарында 70 миңден ашуун унаа каттоого алынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген