7-апрель: Коронавирустун дагы 12 жаңы учуру катталды. Видео

Коронавирустун дагы 12 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун жуктурган 12 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен 3 эркек жана 9 аял. Анын баары Ош облусунда обсервацияда жайгашкан болчу”, – деди саламаттык сактоо министри С. Абдикаримов.

12 жарандын баары Ош облусунан, алардын жетөөсү дарыгерлер.

2020-жылдын 7-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 228ди түздү.

Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 80;
  • Ош облусунда – 106;
  • Баткен облусунда – 4;
  • Нарын облусунда – 5;
  • Ысык-Көл облусунда – 3;
  • Чүй облусунда – 30.

Маалымат толукталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген