673 миң кыргызстандык насыя төлөөдөн 3 айга бошотулат

670 миңден ашык кыргызстандык насыялык төлөмдөрүнөн 3 айга бошотулат. Жеңилдик 100 миң сомго чейин насыя алган жарандарга берилет. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлиги маалымдады.

COVID-19 пандемиясы тийгизген таасирден улам кыйын абалга туш болгон, финансы-кредиттик уюмдардан насыя алган жарандарды колдоо максатында Кыргыз өкмөтү 2020-жылдын 13-ноябрында токтом кабыл алган. Ага ылайык, насыя алуучулар 2020-жылдын декабрь айынан баштап, 2021-жылдын январь жана февраль айларында үч ай бою пайыздык төлөмдөрдү төлөөдөн бошотулат.

Кредиттердин пайыздарын жабууга 1 млрд сомдон ашык каражат талап кылынып, ал 2021-жылкы мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.

Маалым болгондой, 100 миң сомго чейин насыя алган жарандардын басымдуу бөлүгү туруктуу кирешеси жок жарандар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.