6 жаштагы баланы койдуруп кеткен айдоочу кармалды

Кече күнү Отуз- Адыр айылында 6 жаштагы баланы койдуруп качып кеткен айдоочу өз ыктыяры менен келип күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Ош ОИИБ нын маалымат кызматы билдирди.

Ал 1989- жылы туулган Кара-Кулжа районунун тургуну экендиги маалым болду.

Учурда машинасы унаа токтотулуучу жайга киргизилип, айдоочу  убактылуу кармоочу жайда.

Жол кырсыгын жасап адам өмүрүн коркунучка калтырып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткени боюнча кылмыш иши козголуп тергөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, кече 18:50 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жол кырсыгы катталган. Аталган айылдын 2012-жылы туулган тургунун уруп кетип айдоочу из жашырган. Алган жараатынан 6 жаштагы бала окуя болгон жерде каза болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген