6 позицияга жогорулады. Кыргызстан экономикалык эркиндик боюнча дүйнөлүк индексте 81-орунда турат

Кыргызстан экономикалык эркиндик боюнча дүйнөлүк индексте 6 позицияга жогорулап 81-орунга жайгашты.

Тизмеде жалпысынан 179 өлкө бар. ЕАЭБ өлкөлөрү арасынан начар көрсөткүч Орусияда (91-орунда) болсо, эң мыкты көрсөткүчтү Армения (34-орун) берген. Казакстан рейтингдин 39-сабында болсо, Белорусь 88-катарда.

Рейтингди түзүүдө өлкөдө салык төлөөнүн ачыктыгы, жеке ишкерликтин, сооданын эркиндиги, инвестициялоо жана коррупциядан канчалык көз каранды экени эске алынган.

Борбор Азия өлкөлөрү арасында Казакстан жана Кыргызстан лидерлик позицияда. Өзбекстан 114-саптан орун алса, Түркмөнстан 170-катарда турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.