6 ай ичинде жаш өспүрүмдөрдү зордуктоонун 6 учуру катталды

2020-жылдын 6-айында жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш жана жорук иштер боюнча:

2020-жылдын 1-жарым жылдыгында Ош шаардык ИИБнын тергөө кызматы тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы 59 сотко чейинки өндүрүш катталып, тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен 8 иш соттук кароого жөнөтүлгөн, 42 иш өндүрүштөн кыскартылган.

Жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын түрүнө бөлүп караганда: ден-соолукка оор зыян келтирүү 1, ден-соолукка анчалык оор эмес зыян келтирүү 1, тоноо 10, ээнбаштык 14, зордуктоо 4, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер 2, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо 2, он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер 7, ыплас аракеттер 4, киши уурдоо 1, диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу 1, уурулук 4, автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу 7 жана алдамчылык фактылары менен 1 сотко чейинки өндүрүш иштери катталган.

Мисалы: 2020-жылдын 4-мартында болжол менен саат 14:00 чамасында Ош шаарында шектүү Б.Т. жашы жете элек өспүрүм К.Д. ойноп жаткан учурда, жаш кыз экендигин билип туруп, жыныстык кумарын кандырууга багыт алып, темирден тосулган тосмолдон өтүп барып, К.Д. шымын, ички кийимин чечип, өзүнүн жыныстык мүчөсүн көрсөтүп сексуалдык байланышсыз аракеттерди жасаган.

2020-жылдын 5-мартында Б.Т. кылмышка шектүү катары Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде кармалып, ага Кыргыз Республикасынын КЖКнин 165-беренесинде (ыплас аракеттер) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн шектенүү жөнүндө кабарлама берилип, Ош шаардык ИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, Ош шаардык сотунун токтому менен шектүүгө карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү колдонулган.

2020-жылдын 23-мартында тергөөнүн жыйынтыгы менен Ош шаардык ИИБнын тергөө кызматы тарабынан шектүү Б.Т. карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 165-беренесинде (ыплас аракеттер) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы боюнча айыптоо актысы түзүлүп, сотко чейинки өндүрүш Ош шаардык сотуна негизинен кароо үчүн жиберилген.

2020-жылдын 26-июнунда Ош шаардык сотунун өкүмү менен айыпталуучу Б.Т. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 165-беренесинде (ыплас аракеттер) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 111-беренесинин негизинде 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөөдөн бошотулган.

Шаардык прокуратура тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш жана жорук иштер боюнча Ош шаардык ИИБнын тергөө кызматы жана жоруктар жөнүндө иштөө бөлүмү тарабынан кабыл алынган чечимдеринин мыйзамдуулугу кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган учурдан тартып көзөмөлгө алынып окулуп турат.

Бөлүмүдүн улук прокурору Н.Мамытов

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.