Жаз менен кошо ачылган гүлдөр. Фото

“Майрамга жакын гүлдөрдүн баасы асманга чыгып кетти, гүлсүз эле жылуу сөз менен куттуктап койсо болбойбу?”,-деп чөнтөгүн сыйпалаган мырзалардын 8-март жакындаган сайын тынчы кетип жаткандыр.

Аялдын көңүлү гүлгө тең. Андыктан, гүлдү алып, жылуу сөздөрүңүзгө ороп, жакын адамыңызга тартууласаңыз, анда сүйүктүүңүздү кубанттым деп эсептей бериңиз.

Сизге жардам берүү максатында биз Ош шаарындагы гүл дүкөндөрдү кыдырып, көз жоосун алган гүлдөрдүн бааларын билип келдик. Кооз гүлдөрдү ансайын ажарына чыгарган сатуучулардын айтымында, 8-мартта айымдарга эң көп тартууланган гүлдөр – роза жана жоогазын гүлдөрү.

“Булардын бир даанасы учурда 100 сомду түзөт. Роза менен жоогазын гүлдөрү гана дааналап сатылат. А калган гүлдөрдү кооз кагазга ороп, тобу менен сатабыз. 8-март күнү роза менен жоогазындын бир даанасы 100 сомдон 150 сомго көтөрүлөт. А бир букет гүлдүн баасы түрүнө жараша 300 сомдон 5000 сомго чейин жетет”,- деди гүл сатуучу Хилола Камалова.

Гүлдөрдү капчыгыңызга жараша тандап алсаңыз болот. Роза менен жоогазындан тышкары ромашка, астра, фиалка сыяктуу гүлдөр да жакыныңызды сүйүнткөнгө көмөкчү болуп берет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген