Өлкөдө жаңы судьялар дайындалды. Эми Ош шаардык сотунун судьялык кызматын ким аткарат?

Өлкөдө бир канча жергиликтүү соттордун судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, судьялар Ош, Жалал- Абад, Чүй, Ыссык- Көл, Талас облустарындагы айрым райондорго жана Бишкек, Каракол, Ош жана Талас шаарларына дайындалды.

Президентке сунушталган судьялардын жалпы саны 21ди түзүп, алардын ичинен талапкерлиги жактырылган 13 судья жаңы кызматка коюлду.

Ош шаардык сотунда Абдыразаков Нурлан Тажибаевич, Ош облустук сотунда Кыдырбаев Жаркынбек Садирбекович жана Өзгөн райондук сотунда Жоробаева Гүльнархан Чырмашовна судьялык милдетти аткарышат.

Аталган жарлыктар кол коюлган күндөн тарта ишке кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген