53 мамлекеттин ичинен Сингапур пандемия менен эң мыкты күрөшкөн өлкө деп табылды

Сингапур пандемия менен мыкты күрөшкөн өлкөлөр арасындагы рейтингде алдыңкы сапка чыкты.

Bloomberg агенттиги түзгөн рейтингге 53 өлкө кирген. Тизмеде Кыргызстан жок.

2- орунда Жаңы Зеландия, 3- орунда Австралия, 4- катарда Израиль турат.

Аталган басылмадан белгилешкендей, жогорудагы өлкөлөр чек аралар жабык болгондуктан, эл аралык саякаттоону эске албаганда жашоо- шартын пандемияга чейинки убактагыдай деңгээлге жакшырта алышкан.

Bloomberg коронавируска байланыштуу кырдаалды 10 параметр боюнча карады. Алар вируска кабылгандар жана каза тапкандардын саны, тестирлөө жана вакцинациянын жүрүү темпи жана кыймылдын эркиндиги.

Рейтинг ай сайын жаңыланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.