500дөн ашык адам Кыргыз жарандыгын алды

Кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол коюлду. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматынан билдиришти.

Анын ичинен 2 жарлыгы 548 адамды Кыргыз жарандыгына кабыл алуу жөнүндө:

  • 399 – чоңдор
  • 149 – балдар.

Алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экени белгиленген.

Ал эми 102 адамга жарандыгынан чыгуу боюнча бир жарлык:

  • 83 – чоңдор
  • 19 – балдар.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан 650 адам арыз менен кайрылышкан, анын 168и балдар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.