5-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 5-октябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1 +6, күндүз +9 +14;
  • Талас жергесинде түнкүсүн +1 +6, күндүз +5 +10;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4 +9, күндүз +15 +20;
  • Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 0 +5, айрым аймактарда -4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +10 +15 градус болот;
  • Бишкек шаарында түнкүсүн +2 +4, күндүз +10 +12 градус.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.