5-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 5-майда өлкөнүн аймактарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күндүзү Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп, шамалдын ылдмадыгы секундасына 6-10 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

•        Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34,

•        Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +26…+31,

•        Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,

•        Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28,

•        Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

•        Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11 градус болот.

•        Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн +13…+15, күндүз +31…+33 градус.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.