5 өлкөдөн чогулган мотожүргүнчүлөр Ош шаарына келишти

Ош шаарына беш мамлекеттин мотоцикл тебүүчүлөрү конокко келишти. 20 чакты мотожүргүнчү сапарын Казакстандан  баштаган. Алматыдан чыккан алар Кыргызстанга келгенге чейин Өзбекстанды, Тажикстанды басып өтүшкөн.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган мотожүрүш 20 адам менен жолун баштаган. Жолдон каалоочулар кошулуп олтуруп, 40тан ашык жүргүнчү Кыргызстанга келди.

Мотоцикл сүйүүчүлөрдү эч ким каржылаган жок. Ар бир жүргүнчү өз чөнтөгүнөн жолго, тамак- ашка жана жатаканасына акча сарптайт. Ал эми алар барган мамлекеттер мотоцикл тебүүчүлөрдүн жол коопсуздугун камсыздап берүүнү моюнга алган.

Мотожүрүштүн катышуучулары Оштон Токтогулга, анан Бишкекке барышат. Жүрүштүн токтогон жери- Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтүүчү Ысык- Көл облусу. Андан кийин ар бири өз өлкөлөрүнө тарап кетүүнү пландап жатат.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын 2-8- сентябрь күндөрү Ысык- Көлдүн Чолпон- Ата шаарында өтөт. Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер болуп, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан.

Сүрө: Заир Абдукаимов.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген