5-июнь Орозо айт майрамына байланыштуу дем алыш болот

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 2019-жылдын 5-июнь шаршемби күнүн Орозо айт майрамы деп белгиледи.

КМДБнын маалыматында, ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Орозо айтка байланыштуу 5-июнь жумуш күн болбойт. Бул тууралуу Өкмөттүн атайын токтому, 2018-жылдын аягында кабыл алынган.

Эмгек Кодексинин 11-бөлүмүнүн 113-беренесине ылайык, мусулмандардын Орозо айт, Курман айт майрамдары эс алуу күнү болуп эсептелинет.

Бул жылы кадыр түн 1-июнга караган түнү тосулса, Орозо айт 5-июнга белгиленди. Бул маалыматты бүгүн, 29-майда, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген