4-8-июлдарда аба катуу ысыйт

4-8-июль күндөрү өлкөдө ченемден тышкары ысык аба-ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Ага ылайык, 4-июлдан 6-июлга чейин абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +38…+40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө +36…+38 градуска чейин жогорулашы, 7-8-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +39…+41 градуска чейин, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.Мындай ысык аба-ырайында ачык күндүн астында көпкө жүрүүгө сунушталбайт.

Министрлик жарандарды сак болууга чакырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.