4-6-октябрда Кыргызстанда катуу шамал болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт

Гидрометеорология агенттиги катуу шамал тууралуу эскертүү берди. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил -мезгили менен жаан жаап, тоо этектериндеги райондордо – жамгырдын карга өтүшү, тоолуу райондордо – кар жаайт.

Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Эртең кечинде Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана Ош, Жалал -Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде -2 .. -4 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.