4 500 доллар алып, эксперимент үчүн коронавирус жуктурууга макул болгон ыктыярчылар изделип жатат

Британиялык окумуштуулар коронавируска каршы вакцина иштеп чыгуу үчүн вирусту атайылап жуктурууга макул болгон 24 ыктыярчы издеп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматта белгилүү болгондой, өмүрүн тобокелге салып, коронавирус илдети менен 2 жума карантинге алынган ар бир ыктыярчыга 4 500 доллардан төлөнүп берилет.

Экспериментти Hvivo компаниясы жүргүзүп, макулдугун берген адамдар дарыгерлер тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынат.

Экспериментти жүргүзүүчүлөрдүн айтымында, ыктыярчыларга коронавирустун жеңилирээк түрү жуктурулмакчы.

Эгер пландалган эксперимент жакшы жыйынтык берсе, тесттен өткөн дары-дармектер менен вакциналар аталган илдет менен жабыркап жаткандар үчүн колдонулаары максатталууда. Муну менен дүйнөнү дүрбөлөңгө салган вирусту жок кылып, тынчсызданууларга чекит коюлаарын окумуштуулар күтүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген