347 оогандык кыргыз Талибандан Тажикстанга качып өтүштү


13-14-июль күндөрү Талибандын куралдуу тобунан качкан 347 ооган кыргызы Тажикстанга өтүп кетти. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери билдиришкенин Борбор Азия маалымат борбору кабарлады.

347 жарандын арасында 91 эркек, 77 аял, 177 жашы жете элек балдар болгон. Бадахшан облусунун Вахон районундагы Андемин айылынын тургундары, кыргыз тектүү оогандар Тажикстанга Мургаб районундагы Кызыл Работ айылдык аймагынын участкасы аркылуу качып кетишкен.

Мамлекеттик чек арадан өтүп бара жатышканында, эки ымыркай чарчап калган.

Учурда, качкындар Тажикстандын Мургаб районундагы Кызыл Работ айылдык өкмөтүнүн Чоштеппа жана Дуютук тилкелерине жайгаштырылды.

Аталган чек ара аймактарындагы кырдаал Тажикстандын чек ара кызматынын көзөмөлүндө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.