31-март: Кыргызстанда короновирус жуктуруунун жаңы 13 учуру катталды

31-мартка карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру аныкталды. Бардыгы болуп өлкө боюнча 107 катталган учур бар.

2020-жылдын 31-мартына карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды:
Бишкек ш. – 1
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 2
Чүй облусу – 1
Ош облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 1

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген