31-март: Коменданттык сааттын эрежелерин бузган 155 жаран кармалды

31-мартка карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузган 155 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын ичинен:

  • Бишкек шаары боюнча – 137,
  • Ош шаары боюнча – 5,
  • Жалал-Абад шаары – 9,
  • Кара-Суу районунда – 4 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди.

Ал эми Ноокат жана Сузак райондорунда коменданттык сааттын  талаптарын бузгандар катталган жок.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди.

Алты күндүн ичинде өлкө аймагында 1 242 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды.

Коронавирус Кыргызстанда: Акыркы маалыматтар

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген