31- март: Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

Бүгүн, 31-мартта Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан белгилүү болду.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн салык органдары салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Эске салсак, салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

  •  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  •  жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;
  •  менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери;
  • юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.