31-майга чейин өлкөнүн айрым жарандары паспортту акысыз ала алышат

Кыргызстандын айрым категориядагы жарандары паспортту акысыз алышат. Башкы документти бекер берүү боюнча токтомго Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Андагы билдирүүгө ылайык, ID-карталарды интернат-үйлөрүнүн тарбиялануучулары, жетимдер, майыптар, 70 жашке жеткен пенсионерлер жана Улуу Ата Мекендик согуштун, Баткен окуяларынын катышуучулары ала алышат.

Акция май айында башталып, 31-августка чейин уланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.