«30 жыл иштегендерге 1 млн. сом». Акча кимдерге жана качан берилип баштайт?

Учурда коомчулукта мамлекеттик кызматта 30 жыл иштегендерге 1 миллион сом берилери тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкууланып жатат. 28-июль күнү президенттик администрация “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамын өзгөртүүнү сунуштады. Анда 49 беренеден турган мыйзам долбоору 40ка кыскартылганын көрүүгө болот.

Аталган долбоордун 23-беренесинин 4-бөлүмүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 30 жана андан ашык эмгек стажы бар кызматчыларга мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы иштеген жери боюнча бир миллион сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөрү жазылган.

Кызматчылардын мындай категориясы мамлекеттик бюджеттин (тиешелүүлүгүнө жараша республикалык жана жергиликтүү) эсебинен өмүр бою медициналык камсыздандыруу менен камсыздалат. Медициналык камсыздандыруу мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы иштеген жери боюнча таризделет.

Мыйзам колдонууга качан киргизилет?

Аталган мыйзам долбоорунун 40-беренесинде дал ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери жазылган.

Бул мыйзам күчүнө кирген күндөн тарта президент жана министрлер кабинети 2022-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда аларда ушул мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чыгашаларды карайт жана 6 айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул мыйзамга ылайык келтирүү жана ушул мыйзамдан келип чыгуучу башка маселелерди чечет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.