30-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 30-сентябрда Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын кээ бир аймактарында жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +6 +11, күндүз +19 +24;
  • Талас облусунда түнкүсүн +2 +7, күндүз +20 +25;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9 +14, күндүз +24 +29;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5 +10, күндүз +19 +24;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +3 +8, күндүз +20 +25;
  • Бишкекте түнкүсүн +8 +10, күндүз +21 +23 градус болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.