30-сентябрь кандай күн? Бүгүн белгиленген майрамдар

Жыл сайын 30-сентябрда – Эл аралык котормонун күнү. Көптөгөн өлкөлөрдө оозеки жана жазуу түрүндө которгон котормочулардын кесиптик майрамы белгиленет. 2017-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн кезектеги жыйынында бир добуштан Резолюцияны (A / RES / 71/288) кабыл алып, анда элдердин башын бириктирүүдө, тынчтыкты,  өнүгүүнү алга жылдырууда кесипкөй котормонун ролу таанылып, 30-сентябрь Эл аралык котормо күнү деп жарыяланган.

Бүгүн Орусияда интеренет күнү, ал эми Абхазияда көз карандысыздык майрамы болсо, Украинада бала асырап алуу күнү белгиленип жатат.  Коңшу өлкө Казакстанда юстиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Түркмөнстанда улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнү.

Тарыхый окуялар

1452-жылы ушул күнү Иоганн Гутенберг алгачкы китеп Библияны басып чыккан.

1929-жылы “Би-би-си” англис кызматы алгачкы жолу эфирге чыккан.

1964-жылы 30-сентябрда бир нече басманын тандоосу боюнча бир нече жолу эң сулуу деп табылган, белгилүү италиялык актриса жана модель Моника Беллучи жарык дүйнөгө келген.

Күз мезгили жөнүндө кызыктуу 15 факт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген