30-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 30-июлда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +15 +20, күндүз + 26 +31;
  • Талас облусунда түнкүсүн +12 +17, күндүз +24 +29;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19 +24, күндүз +30 +35;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11 +16, күндүз +22 +27;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +9 +14, күндүз +22 +27 градус ысык болот.
  • Бишкекте түнкүсүн +18 +20, күндүз +29 +31 градус ысык болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.