30-апрель – Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2017-жылдын 30-апрели Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыктын толук тексти:

“2017-жылдын 29-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык аймагынын Аюу айылында адам курмандыктарына алып келген жер көчкү болду. Кырсык биздин жарандардын өмүрүн кыйды. Кыргызстандын бүткүл калкы үчүн бул оор жоготуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жабыркагандарды жана каза болгондордун сөөгүн издөө боюнча куткаруу иштерин жүргүзүүдө, алардын бир туугандарына жана жакындарына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Каза болгондорго терең кайгыруу жана алардын бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен токтом кылынат:

  1. 2017-жылдын 30-апрели Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялансын.
  2. Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери түшүрүлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларды жана берүүлөрдү токтотуу сунушталсын.
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө зарыл жардам жана колдоо көрсөтсүн.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет”

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-апрелде, Өзгөндөгү Аюу айылында жалпы көлөмү 1 млн куб метрден ашкан жер көчкү түшүп, 11 үйдү басып калды. Андан 24 жаран каза болгону айтылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген