3 спортчу олимпиада жолдомосунан ажырады

Токио олимпиадасына жолдомо алган 3 балбан олимпиадага катышуу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму кабарлады. 

Маалыматына ылайык, эл аралык допинг менен күрөшүү агенттиги  эркин күрөштө 3 спортчунун допинг колдонгондугун аныктаган. Алар франциялык Зелимхан Хаджиев, сириялык Баджи Хутаба  жана өзбекстандык Хасанбой Рахимов.

Эскерте кетсек, аталган үч спортчу эркин күрөш боюнча 2019- жылы Нур-Султан шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта 1-орунду алып, олимпиадага жолдомо уткан эле.

Эми алардын лицензиялары Польшалык, Ирандык жана Косоволык спортчуларга тапшырылат.

Кошумчалай кетсек, Хасанбой Рахимов  1998-жылы Кыргызстанда туулуп, Кыргызстандын атынан бир нече эл аралык турнирлерге катышкан. Кийин кошуна өлкөдөн чакыруу болуп, Өзбекстандын атынан чыга баштаган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген