3-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 3-сентябрда түнкүсүн жана күндүзү Ысык-Көлдүн айрым райондорунда жана Чүй облусунун кээ бир аймактарында жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдашты.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +13 +18, күндүз +29 +34;
  • Талас облусунда түнкүсүн +8 +13, күндүз +27 +32;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14 +19, күндүз +30 +35;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 +13, күндүз +22 +27;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +2 +7, күндүз +22 +27;
  • Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +15 +17, күндүз +31 +33.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.