3-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет берген маалымат боюнча, эртең, 3-июнда түнкүсүн Нарын облусунун айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй, Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;

  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

  • Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;

  • Бишкекте  жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус ысык болот.
автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.