3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттер сатыла баштады

3- Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш жана жабылыш аземдерине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу ДКОнун Секретариатынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова билдирди.

Аталган билеттерди өлкөнүн Кыргыз почтасы бөлүмдөрүнүн төмөнкү даректеринен алса болот:

Бишкек шаары: Чүй көчөсү- 96, Киев көчөсү- 114

Ош шаары: Ленин көчөсү- 320

Чолпон- Ата шаары: Совет көчөсү- 122

Мындан тышкары оюнга катышуучулар билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын атайын колдонмосу аркылуу ала алат.

“Колдонмо Android жана IOS платформалары үчүн жеткиликтүү. Билет алуу үчүн QR код    берилип, алуучунун жеке маалыматтары талап кылынат. Аты- жөнү, сүрөтү жана паспорттогу маалыматтар керектелет. Алынган билетти башка бирөөгө берүүгө жана кодду алмаштырууга тыюу салынган. Аталган эрежелерди аткарбагандардын билеттери эскертүүсүз жокко чыгарылат да,  акчасы кайтарылып берилбейт”,- дейт Айжан Абдесова.

Оюндун ачылыш аземи үчүн билеттин баасы- 400 сомдон 4900 сомго чейин жетет. Ал эми жабылышына катышууну каалагандар 350- 3800 сомго билет ала алышат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 3- жолку ачылышы 2018- жылдын 2- сентябрында саат 20:00дө башталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген