29-сентябрь – Дүйнөлүк жүрөк күнү

Алгачкы жолу бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын демилгеси менен 1999 -жылы өткөрүлгөн. Башында, Жүрөк күнү сентябрдын акыркы жекшембисинде өткөрүлгөн, ал эми 2011 -жылдан тарта 29 -сентябрга белгиленген.

Жаңы датаны киргизүүнүн максаты – дүйнө жүзүндө жүрөк -кан тамыр ооруларынын эпидемиясынан келип чыгуучу коркунуч тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын маалыматы боюнча, инфаркт жана инсульттан мезгилсиз өлүмдүн 80 пайызын сергек жашоо образы, тамеки колдонууну, диета жана физикалык активдүүлүктү көзөмөлдөө менен алдын алууга болот.

Кыргызстанда жүрөк -кан тамыр оорулары тобокелдик боюнча биринчи орунда турат жана алардын деңгээли коронавирус пандемиясы башталгандан бери 2019 жана 2018 -жылдарга салыштырмалуу 2020 -жылы 19% дан ашык жогорулаган.

Бүгүн, өлкөнүн жер-жерлеринде жүрөктү текшерүү үчүн акциялар өтүүдө. Алардын бири белгилүү болгондой, Бишкектеги Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда башталды. Анда, кан басымын, дене салмагын бекер өлчөө, өсүү ж.б. текшерилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.