29 -октябрда республикада ЖКга шайлоо боюнча үгүт иштери башталат

29-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда аяктайт.

Ошентип, агитация 29 -октябрда башталат жана 2021 -жылдын 27 -ноябрында саат 08: 00гө чейин созулат.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28 -ноябрга белгиленген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.