29-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

2Кыргызгидрометтини маалыматы боюнча, эртең, 29-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Ош облустарынын айрым тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
  • Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34,
  • Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36,
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
  • Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28 градус болот.
  • Бишкек шаарында 29-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35 градуска чейин жогорулайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.