29-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 29-июлда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөнкүдөй:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +18 +23, күндүз + 30 +35;
  • Талас облусунда түнкүсүн +13 +18, күндүз +29 +34;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 19 +24, күндүз +32 +37;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12 +17, күндүз +25 +30;
  • Нарын облусунда түнкүсүн +10 +15, күндүз +25 +30 градус ысык болот.
  • Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +21 +23, күндүз +33 +35 градус ысык болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.