29-август күнү Бишкекте COVID-19дан каза болгондорду эскерген акция өтөт. Видео

Бишкек шаарында 29-август күнү коронавирус жана пневмониядан каза болгон жарандарды эскерген масштабдуу акция өтөт. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Мэрия шаардыктарды 29у күнү саат 21:30да үйлөрүндөгү электр жарыгын өчүрүп, терезелерине шам жагууга чакырды.

“Чүй проспектисиндеги, Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги, Байтик Баатыр, Ахунбаев, Киевский көчөлөрүндөгү электр жарыктары да бир нече мүнөткө өчүрүлөт. Бишкек шаардык мэриясы каза болгон ар бир жаранды эскерип, алардын жакындарына чын көңүлдөн көңүл айтат”,-дейт шаардык мэрия.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.