28-апрель: Бишкекте өлкө башчыны колдогондор акция өткөрүштү

Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровду колдогондор акция өткөрүштү. Иш-чарага жүзгө чукул адам катышты.

Катышуучулар кыргызстандыктарга башаламан митингдерди өткөрбөй, бир аз күтүп турууну, жыйынтык дароо эле көрүнө калбасын айтышты. Ошондой эле Садыр Жапаровдун шайланганына бир жарым эле ай болгонун, эл ага убакыт берип ишенүүсү керектигин кошумчалашты.

Андан тышкары бейөкмөт уюмдарга, чыр чыгарууга себеп издеп тургандарга каршылыгын билдирип, Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын туура деп эсептей тургандыктарын билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.