27-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, эртең, 27-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынын тоолуу аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан-чачын болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен, шамал согуп турат.

Аймактардагы абанын температурасы төмөнкүчө божомолдонду:

  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
  • Чүйдө түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
  • Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33,
  • Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,
  • Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,
  • Бишкек шаарында түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус болот, өткүн өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.